Бишкек гуманитардык университети, социалдык психологиялык факультети
«Социалдык кызмат жана практикалык психология» кафедрасы
К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин «Социалдык кызмат жана практикалык психология» кафедрасы жыйырма жылга жакын аралыктан бери «Социалдык кызмат» жана «Практик психолог» адистерин даярдап келет. Адистерди даярдоо системасы жогорку билим берүүдɵгү реформалоо процессине ылайыкталып бакалавр жана магистрлерди даярдоо багытында жүргүзүлɵт.
Социалдык кызматтын улуттук модели калыптанып, социалдык кызмат боюнча илимий - изилдɵɵ жана волонтердук ишмердүүлүктɵр ɵнүгүүдɵ.
Психология жана социалдык кызмат багыты боюнча актуалдуу болгон темалар тууралуу доктордук, кандидаттык жана магистердик диссертациялар жакталууда.
Ушул жылдар аралыгында кафедрада компетенттүү жана тажрыйбалуу адистерден турган жогорку профессионалдуу коллектив түзүлдү.
Бүгүнкү күндɵ кафедранын штаттык составында илимдин докторлору, кандидаттары, магистрлер жана окутуучулар эмгектенүүдɵ.
Кафедра социалдык кызмат багыты боюнча (бакалавр, магистратура) Мамлекеттик билим берүү стандартын иштеп чыгууга жетекчи жана студенттерди даярдоо жаатында жана Кыргыз Республикасынын Эмгек жана Социалдык жактан ϴнүктүрүү Министрлигин адистеринин профессионалдык квалификациясын жогорулатып окутуу боюнча негизги борбор болуп саналат.
Андан сырткары кафедра социалдык кызматкерлер мектебинин Эл аралык Федерациясынын анык мүчɵсү болуп (https://www.iassw-aiets,org), Иран, Польша, Финляндия, Швеция, Россия, Дания, Германия мамлекеттеринин университеттери менен ɵнɵктɵш болуп, алар менен биргеликте социалдык программаларды ишке ашырууга катышып келет.
Кафедра "Восток-Запад" Спид-Фонду, CADAP, Кызыл Жарым Ай коому, Евросоюз, Юнисеф сыяктуу Эл аралык организациялар менен кызматташып келет.
Бүгүнкү күндɵ кафедра тɵмɵндɵгүдɵй Эл аралык долбоорлорго катышууда:
- Кыргыз Республикасында социалдык кызматкерлерди кайра даярдоо жана кесипкɵйлүгүн жогорулатуу, окутуунун колдоо" боюнча Дания ϴкмɵтүнүн долбоору.
- Франкфурт университети менен биргеликте "Гепатит, ВИЧ/СПИД, наркоманияны алдын алууда социалдык кызматкерлеринин ролун изилдɵɵ" боюнча долбоору.
- Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык ɵнүктүрүү министрлигин техникалык жактан колдоо боюнча Евросоюздун долбоору: Социалдык кызмат боюнча окутуунун улуттук базасын иштеп чыгуу, БГУнун колледжинин базасында орто билим берүүнү уюштуруу, Жогорку профессионалдуу билим берүү боюнча Мамалекеттик билим берүү стандарттарын иштеп чыгуу.
Кафедранын алдында "Акак" социалдык борбору, "Социалдык кызмат Ресурстук Борбору", "Үмүт" социалдык –психологиялык кеңеш берүү, окутуу жана тренинг" борбору иш алып барат.
Кафедра ɵнɵктɵштүктү ɵнүктүрүү максатында Эмгек жана социалдык ɵнүктүрүү министирлиги, Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду, Бишкек шаардык калкты иш менен камсыз кылуу Департаменти, Бишкек шаардык психикалык ден-соолук борбору, республиканын социалдык ɵнүктүрүү башкармалыктары, больницалар, түзɵтүү мекемелери жана Бишкек шаарындагы 40тан ашык социалдык-реабилитациялык борборлору менен келишимдерди түзгɵн.
Бүгүнкү күндɵ БГУда социалдык кызмат жана практикалык психология багыты боюнча 500гɵ жакын студенттер жана магистранттар окуп билим алып келишет.
Белгилей кетчү жагдай, социалдык кызмат жана психология багыттары боюнча илимий изилдɵɵлɵр жүргүзүлүп жана Билим берүү министирлигинин грифи менен окуу методикалык куралдар мамлекеттик тилде даярдалып, жарык кɵрүүдɵ.
Биздин кɵз карашыбызда, коомчулугубузда болуп жаткан ɵспүрүмдɵр арасындагы суициддин ɵсүүсүнɵ, балдарга болгон зордук зомбулукка, психикалык жактан бузулууларга, кɵз карандуулукка, мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга, жүрүм туруму бузулган балдарга психосоциалдык кызматтарды кɵрсɵтүү жаатында системалуу жана жогору квалификациялуу адистерди талап кылат.
Ошондуктан, социалдык чɵйрɵ, бүгүнкү күндүн талабына жооп берген практикага багытталган, билимдүү, компетенциялуу, тажрыйбалуу адистерди талап кылууда. Булар тобокел топтор менен иш алып баруучу социалдык кызматкерлер, айыл ɵкмɵттɵрүндɵгү иштеген социалдык кызматкерлер, түзɵтүү мекемелериндеги жана психиатрия жаатында иштеген социалдык кызматкерлер.
Кыргыз Республикасынын ϴзгɵчɵ кырдаалдар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык ɵнүктүрүү министирлиги, Даниянын Европалык үйү, Россиянын социалдык кызматкерлер Ассоцияциясы, Иран мамлекетинин социалдык кызматкерлер Ассоцияциясы менен биргеликте Кыргызстанда мобилдик социалдык тез жардам кɵрсɵтүү программасын иштеп чыгуу пландалууда.
Белгилей кетчү нерсе, кафедра социалдык кызмат боюнча Эл аралык маанидеги бир нече иш чараларды ɵткɵзɵ алды.
Мисалы, "Социалдык биримдик социалдык бакубатчылыктын фактору катары" аттуу Эл аралык форум. Бишкек 2015ж,
"Социалдык кызмат XXI кылымда: чакыруу жана чечүү жолдору" аттуу Эл аралык форум. Бишкек 2017.
"Наркотиканы инъекция аркылуу колдонуучулар арасында инфекциялык ооруларды алдын алуу жана наркотикке берилгендер чɵйрɵсүндɵ социалдык кызмат жана ɵз ара жардам кɵрсɵтүү системасында жарандык коомдун ролу " аттуу Эл аралык конференция. Бишкек 2018ж.